Баткен районунун Алтын-Бешик айыл аймагындагы Сейилдик жайлоосунда жасалган жасалма мөңгүнү район акими Учкунбек Жоробаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү менен жеринде барып көрүштү.
Бүгүнкү күндө бийиктиги 10 метрге чейин жетүүдө. Мындай өзгөчөлүк Кыргызстанда алгач Нарын облусунда, экинчи Баткен районунда жасалган.
Максаты суу көйгөйүн чечүүгө, жайытка чыккан малдарды жана кайрак жерлерди суугарууга багытталган.
Жасалма мөңгүнү жасоону жана ишке ашырууну Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму колго алган.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы