Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы Токтогул атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Коопсуз чөйрөдө өскөн бала – жаркын келечек ээси” аталышындагы көп багыттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – диний экстремизм менен терроризмдин алдын алуу, ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыздоо болду.
Аталган иш-чарага Баткен районунун акиминин орун басары Ж. Сатыбалдиева баш болгон социалдык тармактын өкүлдөрү, Баткен районунун жана шаарынын имам-хатиби, айыл башчысы, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, ата-энелер, ички иштер органдарынын жана медицина кызматкерлери катышышты.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын негизинде уюштурулган көргөзмөлөр менен таанышышты.
Көргөзмөлөрдө кыргыз элинин улуттук маданияты чагылдырылып, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган STEM технологиялары аркылуу жасалган иштер сунушталды. Ошондой эле ачык сабактар өтүлүп, тарых жана диндердин өнүгүү тарыхы предметтери боюнча мазмундуу баяндамалар жасалды.
Семинардын жыйынтыгында балдардын коомдогу жүрүм-туруму, агрессиянын алдын алуу, тарбия жана коопсуздук маселелери, ошондой эле диний багыттагы таалим-тарбия кеңири талкууланды.
Катышуучулар тарабынан балдардын жаркын келечегин камсыздоо үчүн комплекстүү иш-аракеттерди жүргүзүү, туруктуу стратегияларды иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
Мындай иш-чаралар коомдо коопсуз чөйрөнү түзүүгө, жаш муунду туура тарбиялоого жана алардын келечегине кам көрүүгө өбөлгө түзөт.





