Урматтуу Баткен районунун жана шаарынын тургундары!
Учурда аймагыбызда мамлекеттик мааниге ээ болгон айыл чарба каттоосу жүрүп жатат. Бул иш-чара — өлкөбүздүн айыл чарба тармагын өнүктүрүү, так маалыматтарды топтоо жана келечектеги пландоолорду туура жүргүзүү үчүн өтө маанилүү.
Акыркы күндөрү айрым учурларда каттоочуларды жарандар туура түшүнбөй, “мошенник” катары кабыл алып, үйлөрүнө киргизбей жаткан көрүнүштөр кездешүүдө. Урматтуу жердештер, каттоочулар — бул атайын даярдыктан өткөн расмий кызматкерлер.
Алар сиздерге барганда кызматтык бейджик тагынып, атайын QR-код менен келишет. Ошол QR-кодду текшерүү аркылуу каттоочунун ким экендигин, кайсы кызматтан экенин так аныктоого болот. Бул — сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн түзүлгөн шарт.
Сиздерден өтүнүч — каттоочуларды туура кабыл алып, QR-кодун текшергенден кийин керектүү маалыматтарды берүүгө көмөктөшүңүздөр. Берилген маалыматтар толугу менен купуя сакталат жана үчүнчү жактарга берилбейт.
Ар бириңиздердин активдүү катышууңуздар — аймактын өнүгүшүнө кошкон чоң салым. Так жана туура маалымат — келечек үчүн бекем негиз болуп саналат.
