Баткен районунун Жаңы Достук айылында жалпы ишембилик жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чарага Баткен районунун акими катышып, айылдагы учурдагы жашоо-шартты жеринде барып көрдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө айыл тургундары айлана-чөйрөнү тазалап, көчөлөрдү иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле тал-теректер отургузулуп, жер айдоо иштери жасалып, айылдын айланасы көрктөндүрүлдү.
Мындан сырткары район акими айылдагы күнөскананы да көрүп чыгып, жергиликтүү тургундардын эмгеги менен таанышты. Учурда Жаңы Достук айылында жай турмуш жүрүп жатат.
Район башчысы айыл элинин биримдигин жана эмгекчилдигин жогору баалап, ишембиликке активдүү катышкан тургундарга ыраазычылык билдирди.



