Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, алардын айрымдары жеринде чечилди. Ошондой эле жыйында жер, жол жана башка социалдык маанидеги маселелер кеңири талкууланды.
Район акими көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө тапшырмаларды берип, аларды мыйзамдын алкагында жана өз убагында чечүү зарылдыгын белгиледи.
Мындай жолугушуулар калк менен тыгыз байланыш түзүүгө жана жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө өбөлгө болору айтылды.





