Майрамдык иш-чарага коңшу Тажикстан жана Өзбекстан республикаларынан, тактап айтканда Сох, Риштон жана Исфара райондорунун акимдери баш болгон расмий делегациялар катышып, бул күн эки элдин достугун, ынтымагын дагы бир жолу даңазалады.
Иш-чаранын алкагында алгач улуттук баалуулуктарды чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, анда элибиздин тарыхы, маданияты жана салт-санаасы кеңири чагылдырылды. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлуп, келген конокторго өзгөчө таасир калтырды.
Майрамдын көркүн ачкан өзгөчө көрүнүштөрдүн бири — чек ара кызматкерлери, айыл өкмөттөрү жана мекеме-ишканалар тарабынан тигилген боз үйлөр болду. Ар бир боз үй улуттук тамак-аштар менен жасалгаланып, кыргыз элинин меймандостугун, бай маданиятын даңазалап турду.
Нооруздун ажырагыс символу болгон сүмөлөк кайнатылып, жетекчилердин коштоосунда салтанаттуу ачылып, конокторго даам таттырылды. Бул жөрөлгө береке-бакыттын, молчулуктун белгиси катары белгиленди.
Андан соң расмий куттуктоо сөздөрү айтылып, достукка, тынчтыкка жана коңшулаш жашоонун бекемделишине багытталган жылуу тилектер жолдонду.
Майрамдык маанайды концерттик программалар улантып, анда улуттук ыр-күүлөр, бийлер тартууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында спорттук мелдештер уюштурулуп, катышуучулар күч сынашып, майрам шаңга бөлөндү.
Бул Нооруз майрамы элдердин ынтымагын бекемдеп, аймактар аралык достук мамилелерди дагы да чыңдаган өзгөчө маанилүү майрам катары эсте калды.







