Чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында бүгүн Баткен районунун акими У. Жоробаев баш болгон делегация
Баткен районунун
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылындагы Ворух жазуу аймагында Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б.
Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту.
Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тийешелүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип,
макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу
курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык,
чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Андан сырткары калкты таза суу жана сугат суу менен камсыз кылууда
суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарыл экендиги белгиленип, эки тараптын суу чарба кызматкерлери тарабынан биргеликте иш алып баруу жагы макулдашылды. Ошондой эле эки тараптуу делегация аткезчиликке каршы биргеликте күрөшүүнү жана көмөк көрсөтүүнү,
чек ара аймактарындагы окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.
Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.
Эки тараптуу жолугушууда бир топ маселелер жеринде эки тараптуу талкууланды.
Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч, район акиминин көзөмөлүндө.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.