Кыргыз Республикасынын
Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы N712 тескемесинин негизинде “Евразия” Эл аралык кызматташтыгы аркылуу
Баткен районунун Ак-Сай, Алтын-Бешик, Төрт-Гүл, Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы шарты катаал айылдагы мектеп окуучуларын ташуу үчүн атайын автобустар берилди. Автобустардын ачкычын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев салтанаттуу түрдө тапшырып, өз сөзүндө
“бул транспорт окуучулардын мектепке коопсуз барып келүүсүн камсыздап, сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзөт”,- деп баса белгилеп өттү.
Эске салсак, буга чейин республиканын аймагындагы мектептерге Россиянын “Евразия” автономиялык бейөкмөт уюму тарабынан 50 автобус берилген. Буга чейин аталган уюм ушундай эле автобустан 50нү тапшырган эле.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы