3-декабрь Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата Баткен районунун акиминин буйругу чыгып,1 айлык жарыяланып, анын алкагында райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрү жер жерлерде аларга колдоолорду көрсөтүшүүдө.
Бүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылындагы “Үмүт -Самаркандек” атайын адистештирилген бала бакчасына барып, балдардан кабар алып, аларга атайын таттууларды, белектерди берип, акчалай колдоо көрсөтүп келди. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин куттуктоосун жеткирип, акчалай белегин тапшырды.
Ошондой эле Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Келдибек Мергенов “Үмүт -Самаркандек” атайын адистештирилген бала бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ар бирине майрамдык белектерин берди.
Андан сырткары миграция жүргөн Самаркандек айылынын туругуну Үмүтбек Козубаев аталган бала бакчага автоунаа белек кылды.
Район акими Учкунбек Жоробаев колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.
Аталган бала бакчанын адистери тарабынан ыраазычылыктар айтылды.
Бүгүн райондун аймагындагы бардык мекеме ишканалардын жетекчилери райондун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабар алып, түрдүү колдоолорду көрсөтүшүүдө.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы