Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылында 2000 м/кубдук суу сактагыч курулуп, пайдаланууга берилди.
Ачылуу иш чарасына Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлдөрү, тийиштүү жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчысы катышты.
Аталган суу сактагычтын жалпы сметалык баасы 1 млн 350 миң сомду түзөт.
ФАО уюмунун “Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” долбоорунун алкагында 950 миң сомго каржыланып, пленка, текстиль жана башка керектүү жабдыктары алынып берилген. Ал эми “Клубмалина Жаңы-Жер” айыл чарба кооперативи тарабынан 400 миң сом өздүк салым кошулуп жумушчу күчү менен камсыздалган.
Суу сактагычтын көлөмү 2000 м/кубду түзөт. Жалпы 50 гектар жер аянтты тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарат.
Иш чарада район акими Учкунбек Жоробаев райондун аймагына дыйкандарга шарт түзүп берүү максатында
3.5 миң кубдук суу сактагыч курууну сунуштап өттү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тиешелүү адистер менен кеңешип, курулушту каржылоону колго алышты.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы