Баткен районунун аймагындагы бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев Баткен Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасын ачты.
Райондун аймагындагы жалпы шайлоочулардын саны 58023.
Ошондой эле жалпы 47 шайлоо участкасы ачылып, иштеп баштады.
Бардык шайлоо участкаларында эч кандай кемчиликтер жок. Жылуулук, санитардык нормалар жана башка ушул сыяктуу бардык шарттар түзүлгөн.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы.