10-июль күнү катуу жааган жаандан улам сел келген аймактардагы, тагыраагы Ак-Татыр жана Самаркандек айылындагы селде жарандарды коопсуз жайга алып чыгууда жана турак үй, короо-сарайларды тазалоо иштерине ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте Көк-Таш аймактык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги Абдимиталип уулу Ашим жана аталган милиция бөлүмчөсүнүн аймактык ыйгарымдуу өкүлү Довранбек уулу Мирбектер ӨКМден тартылган 131 куткаруучу менен кошо, жарандарды сел кечип куткарышты.
Андан сырткары, чек ара аймагында коомдук коопсуздукту сактоо максатында милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөштү.
Албетте Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаевдин жетекчилиги астында кызмат өтөштү.
Арабызда коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, күн сайын кызмат өтөп жаткан эр жүрөк тартип сакчылары бар экенин сыймыктануу менен айтууга болот.
Милиция элдин күзгүсү. Милициянын кызматы жооптуу жана кооптуу.