11-июль күнү райондун аймагындагы сел кесепеттерин жоюу, алдын алуу жана ыкчам иш алып баруу боюнча
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А. Мазарипов Баткен районунун акими У. Жоробаев менен биргеликте Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларына ыкчам штаб өткөрдү.
Штабда министрдин орун басары жана район акими тарабынан сел кесепеттерин жоюу, ыкчам тартипте калыбына келтирүү, тазалоо, электр энергиясын калыбына келтирүү, керектүү болгон бардык техникаларды тартуу, келтирилген зыянды аныктоо жабыркаган аймактарда ичүүчү таза суу жана сугат сууну камсыздоо жумуштарын ыкчам улантуу тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек, 10-июль күнү катуу жааган жаандан улам Баткен районунун Самаркандек, Суу-Башы, Ак-Татыр, Төрт-Гүл, Дара, Кара-Булак, Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел суулары жүрүп, унаа жолдорго зыян келтирип, бир топ үйлөрдүн ичине, короолоруна сел суулары кирип, кыйынчылык жаралган.
Түнү менен аталган сел келген аймактарда аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүштү.
Баткен районунун аймагында жол каттамдары толугу менен ачык, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө.
Сел келген аймактардагы кырдаал Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин көзөмөлүндө.
Учурда селден кийинки турак үй жана короо-сарайлар толугу менен тазаланып, бүткөрүлдү.