Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Баткен районундагы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон, жалпы республикалык тесттен жогорку упай алган окуучулар жана ата-энелери менен жолугушту.
Жолугушууда, район акими У. Жоробаев окуучуларга ийгиликтерди каалап, аларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине ыраазычылык билдирип, өз сөзүндө “ушундай адептүү, тарбиялуу жана билимдүү уул-кызды тарбиялаганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Келечекте, Сиздер тарбиялаган уул-кыздар Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө зор салымын кошооруна чоң ишеним артабыз”,-деди.
Жолугушууда, мыкты окуучулардын ата-энелерине район акиминин ыраазычылык каттары, акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Билимдүү жаштарды колдоо жана кийинки жылкы бүтүрүүчүлөргө стимул болсун деген максатта, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары ар дайым билим берүүгө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүп келээрин, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов билдирди.
“Биз ар качан билим берүү тармагын жогорулатуучу долбоорлорго колдоо кылабыз. Бул жолу дагы районубуздагы мыкты бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана аларды окуткан мугалимдерине колдообузду көрсөтүүдөбүз. Келечекте Баткен районуна, өлкөбүзгө пайдасын тийгизген мыкты атуулдар азыркы “Алтын тамга” жогорку упай алган окуучуларыбыздан чыгат деп толук ишенебиз”, – деди район акими Учкунбек Жоробаев.
Окуучулардын ата-энелери жана мектеп директорлору жетекчилерге мындай колдоолору үчүн терең ыраазычылыгын билдиришти.
Эске сала кетсек, быйылкы окуу жылында 802 окуучу мектепти аяктап, алардын 542си жалпы республикалык тестке катышкан.
Жалпы республикалык тестте жогорку упайды камсыз кылышкан Т.Садыков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Зуура Пайзуллаева, “Ж.Турусбеков” атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мээрим Кылычбековалар 201 упай алышкан. Ал эми С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектебинин бүтүрүүчүсү Жаңылай Мавланкулова “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду.
Бул кубанычтуу жана сыймыктуу жетишкендиктердин арты менен билим уясы болгон Ж.Турусбеков, Т.Садыков, С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектептери жалпы Республикага таанылып отурат.
Албетте, бул ийгиликтин артында талбаган мугалимдердин эмгеги бар.