10-июль күнү катуу жааган жаандан улам сел келген аймактардагы, тагыраагы Ак-Татыр жана Самаркандек айылындагы селден кийинки турак үй жана короо-сарайларды тазалоо иштери толугу менен бүткөрүлдү.
Район акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасынын негизинде ӨКМден тартылган 131 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда турак үйлөргө, жертөлө жана сарайга кирген сел калдыктары тазаланып бүткөрүлдү.
Жеринде район акими Учкунбек Жоробаев турак үй жана короо-сарайларды тазалоо иштеринин ыкчам бүткөрүлгөндүгү үчүн куткаруучуларга өз ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди, бейпил жашоо каалады.
Белгилей кетсек, аталган аймактарда техникалардын жардамы менен сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.