10-июлдагы катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Суу-Башы, Ак-Татыр, Дара, Кара-Булак, Кыштут, Самаркандек Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагында катуу жаандан улам аталган аймактарда сел суулары агып, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы негизги, ички чарбалык жолдордо сел жүргөн.
Ошондой эле Достук-Ак-Сай жолундагы Көк-Терек жерлиги менен Тажик Республикасынын Чорку айылыны байланыштырып турган унаа өтүүчү көпүрөнү сел алып кеткен.
Бүгүн 11-июль күнү 9:00 чамасында Баткен райондук мамлекеттик администрациясын башчысы-аким У.Жоробаев тиешелүү жарандык коргонуу кызматынын жетекчилери менен Тажик Республикасынын Исфара районунун акими Б. Баходурзода жетектеген делегация менен эки тараптуу жолугушту.
Жолугушууда сел алган Достук-Ак-Сай жолундагы Көк-Терек жерлиги менен Тажик Республикасынын Чорку айылыны байланыштырып турган унаа өтүүчү көпүрөнү оңдоп-түзөө, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, аталган көпүрөнүн жанынан убактылуу бир тараптуу жол салуу жагы макулдашылды.
Учурда эки тараптын жол тейлөө кызматынын тиешелүү техникалары биргеликте жол ачуу, тегиздөө жумуштарын аткарып жатышат.
Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч. Баткен районунун акими У. Жоробаевдин көзөмөлүндө.