10-июлда катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Суу-Башы,
Ак-Татыр, Дара, Кара-Булак, Кыштут, Самаркандек Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагында катуу жааган жаандан улам аталган аймактарда сел суулары агып, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы негизги, ички чарбалык жолдордо сел жүргөн.
Жерине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, ӨКМдин Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана райондук жарандык кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте барып кабар алып, келип чыккан кээ бир маселелерди ордунда чечүүдө.
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы автоунаалар өтүүчү жол убактылуу жабык, жеринде тазалоо иштери ыкчам жүрүүдө. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылган.
Тазалоо жумуштарына КРнын ӨКМ Баткен бөлүмүнүн, куткаруу отрядынын кызматкерлери тартылат.
Белгилей кетсек саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Боз-Адыр-Баткен автожолуна сел келүүчү сай аркылуу сел келип, унаа жолдорго зыян келтирип,
өтүүгө кыйынчылык жаралган.
Жеринен кабар алган район акими райондук жол тейлөө кызматына тез аранын ичинде калыбына келтирүү жумуштарын тапшырды.
Учурда район акими Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн сел кеткен аймактарында жүрөт.
Жеринде жарандык кызматтын тиешелүү өкүлдөрү ыкчам аракетте иш алып барууда. Тазалоо, жолдорду ачуу иштерине район акиминин тапшырмасынын негизинде атайын техникалар тартылган.
Район акими Учкунбек Жоробаев бүгүн 19:00 дөр чамасында Баткен райондук мамлекеттик администрациясында
ыкчам штаб өткөрдү.
Штабка бардык жарандык кызматтын жетекчилери, катышты.
Штабда район акими тарабынан сел кесепеттерин жоюу, ыкчам тартипте калыбына келтирүү, тазалоо, келтирилген зыянды аныктоо жумуштарын баштоо тапшырмасы коюлду.
Өткөрүлгөн штабдын жыйынтыгында Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Район акими сел кеткен аймактарды жеринде барып көрүп, райондук жол тейлөө кызматына тез аранын ичинде калыбына келтирүү жумуштарын тапшырды.
Учурда район акими сел кеткен аймактарда жүрөт.
Ошондой эле учурда Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү сел коркунучу бар аймактардан элдерди коопсуз жайларга көчүрүү иш чаралары ыкчам тартипте көрүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.