10-июль күнү кечки саат 19:00 дө райондун аймагындагы сел кесепеттерин жоюу жана ыкчам иш алып баруу боюнча район акими Учкунбек Жоробаев Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү.
Штабда район акими тарабынан сел кесепеттерин жоюу, ыкчам тартипте калыбына келтирүү, тазалоо, электр энергиясын калыбына келтирүү, керектүү болгон бардык техникаларды тартуу, келтирилген зыянды аныктоо жумуштарын ыкчам улантуу тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек бүгүн 16:00 дөр чамасында катуу жааган жаандан улам Баткен районунун Самаркандек, Суу-Башы, Ак-Татыр, Төрт-Гүл, Дара, Кара-Булак, Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел суулары жүрүп, унаа жолдорго зыян келтирип, өтүүгө кыйынчылык жаралган.
Түнү менен аталган аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзөт.
Баткен районунун аймагында жол каттамдары ачык.
Сел келген аймактардагы кырдаал Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин көзөмөлүндө.