10-июлда катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары агып, Боз-Адыр-Баткен, Айгүл-Таш-Согмент автожолунда сел жүргөн.
Жерине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев,
ӨКМдин Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана райондук жарандык кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте жерине барып кабар алып, келип чыккан кээ бир маселелерди ордунда чечүүдө.
Боз-Адыр-Баткен
автожолу автоунаалар үчүн ачык, жеринде тазалоо иштери ыкчам жүрүүдө. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылган.
Тазалоо жумуштарына КРнын ӨКМ Баткен бөлүмүнүн, куткаруу отрядынын кызматкерлери тартылат.
Белгилей кетсек саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Боз-Адыр-Баткен автожолуна сел келүүчү сай аркылуу сел келип, унаа жолдорго зыян келтирип,
өтүүгө кыйынчылык жаралган.
Жеринен кабар алган район акими райондук жол тейлөө кызматына тез аранын ичинде калыбына келтирүү жумуштарын тапшырды.
Учурда район акими сел кеткен аймакта жүрөт.
Катуу жааган жаандан улам Баткен районунун Ак-Татыр, Дара, Кара-Булак, Кыштут, Суу-Башы, Самаркандек Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел жүрдү. Жеринде жарандык кызматтын тиешелүү өкүлдөрү ыкчам аракетте иш алып барууда. Тазалоо, жолдорду ачуу иштерине район акиминин тапшырмасынын негизинде атайын техникалар тартылган.
Кошумча маалымат берилет.