Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар жетекчилер жана Дара, Төрт-Гүл, Кыштут, Кара-Бак айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен биргеликте, Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагында Туркия жергесинен келген инвестор Дуваташ ЖчКнун башчысы Барыш Аксус жана Айдаркен сымап акционердик коомунун башкы директору Толубай Салиевдер менен жолугушту.
Жолугушууда Дара, Төрт-Гүл, Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жагы макулдашылды.
Буга чейин, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин N754-р буйругу менен “Хайдаркан сымап” ААКсына “Сымапская” сурьма-сымап тилкесинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында, Баткен районунда жайгашкан, бурчтук чекиттери тик бурчтуу координаттар системасында жер казынасынын пайдалануу укугу (лицензия) берилген. Геологиялык чалгындоо иштерине Дара, Төрт-Гүл, Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймактары кирет.
Жолугушууда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, район акими Учкунбек Жоробаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана тиешелүү жетекчилерге мыйзам чегинде документ иштерин бүтүрүү, элдерге кеңири түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү таршырмасын берди.