Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кыштут айыл аймагынын Таян айылындагы курулуп жаткан 2 кабаттуу 150 орундуу мектептин курулуш иштерин жеринде көрүп келди.
Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы суммасы 83 млн 215 400 сомду түзөт. Мектепти “Авто энергоснаб” жоопкерчилиги чектелген курулуш компаниясы жүргүзүп жатат.
150 орундуу мектеп бардык шарттары менен заманбап болуп курулуп жатат.