Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдор Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы “Дары булак” балдардын ден-соолугун чыңдоо жана эс алуу борборунун учурдагы абалы менен таанышып, Баткен шаарынан жана Баткен районунан барган балдарды кабар алып, аларга таттууларды беришип, көңүлдүү эс алуу каалашты.
Аталган балдардын эс алуу борбору Баткен районунун аймагындагы эле балдарды кабыл албастан, Баткен облусунун бардык аймагындагы балдарды кабыл алат.
Учурда, бул жерде Баткен районунун аймагынан 20, Баткен шаарынын аймагынан 80 бала эс алып жатат.
Эс алуучу борбордо, балдар эс алуу менен эле чектелбестен, керектүү билим алышып, тарыхый жерлерге атайын экскурсияларга чыгышат.
Балдардын эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
“Дары-Булак” балдардын ден соолугун чыңдоочу борбору 4 жылдан бери окуучуларды кабыл алат.
Лагерьде балдардын коопсуздугун укук коргоо органынын кызматкерлери жана ден соолуктарына кам көрүү үчүн дарыгерлер 10 күн бою көзөмөлдөп жүрүшөт.