2024-жылдын 7-июль күнү кечки саат 21:20 лар чамасында Баткен районун Кара-Булак айылында турак үйдөн өрт чыккан. Үй алты бөлмөдөн турган. ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын маалымат катчысы билдиргендей өрт электр тогунун кыска чыңалуусунан келип чыккан.
Тилсиз жоо жалмаган үйдө 80 жаштагы Кенжехан Мансурова, келини жана небереси менен жашайт.
Бүгүн, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар жетекчилер өрт коопсуздугунан жабыркаган үй-бүлөнү кабар алышты.
Район акими үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы менен таанышып, жабыркаган үй-бүлөгө материалдык жана акчалай жардам берди.
Жеринде У.Жоробаев ӨКМнин Баткен району боюнча бөлүмүнүн башчысы Т. Турдуевге, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мисиралиевдерге өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрүү менен тез арада калыбына келтирүү иштерин ыкчамдатууну тапшырды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 7-июль күнү саат 21:20да Кара-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы боюнча ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгына маалымат келип түшкөн. Жерине саат 21:23тө Баткен шаар боюнча ӨКБ №26 ӨККБнөн 3, саат 21:52де кошумча күч катары 3 өрт өчүрүүчү-куткаруучу атайын өрт өчүрүүчү унаасы да тартылган. Саат 00:38де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн аянты 192 чарчы метр, 6 бөлмөлүү турак үйдүн, 5 бөлмөсү толук күйгөн.
Өрттүн чыгуу себеби электр тогунун кыска чыңалуусу.
Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок.