Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар жетекчилер Ак-Сай жана Дара айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жайлоолордун жолунун оңдоо жумуштарын жеринде барып көрүп келди.
Аталган жолду оңдоо үчүн Баткен райондук өнүктүрүү фондунан 1 697 860 сом акча каражаты бөлүнүп, учурда жолду оңдоп түзөө жумуштары жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 25 километр.
Жайлоого чыккан жергиликтүү малчыларга, эс алууга барган жарандарга, ички жана тышкы туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, оңдолуп жаткан жолдор көп жылдардан бери жакшы каралбай келген.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сабировдун айтымында мурда бул аймакта 200 гектар жер сугат айдоо аянты болгон.
Жолдун оңдоп түзөө иштери бүткөрүлсө, дыйкандарга кайрадан жерди иштетүүгө толук шарт түзүлөт .
Ошондой эле, район акими У. Жоробаев туристтик мезгилде тиешелүү талаптарды аткаруу менен эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп, тазалыкты сактоо менен мыйзам чегинде иш алып барууну айыл өкмөт башчыларына, райондук токой чарба ишканасынын жетекчисине тапшырды.