Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар жетекчилер Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Кызыл-Кошун жерлигинде илимий- казуу иштерин жүргүзүп жаткан археологдордон кабар алышты.
Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Кызыл-Кошун жерлигинде байыркы мезгилге таандык адамдардын сөөктөрү, жашырылган табыт, түрдүү зер буюмдар жана чопо идиштер табылган.
Баткен мамлекеттик университетинин тарых мугалими, тарых илимдеринин кандидаты Акжол Кадыровдун айтымында, жашырылган табыт Гунндардын дооруна таандык. Табыт менен кошо аялдарга тиешелүү болгон сөйкө, чачбак, шуру жана башка ушул сыяктуу буюмдар табылган.
Бул аймакта 118 мүрзө дөбө каттоого алынып, бүгүнкү күндө анын 17си казылган.
Аталган аймакта археолог, тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева жетектеген Баткен, Ош мамлекеттик университеттеринин окутуучулары, студенттери, тарых археология жана этнология институтунун окумуштуулары археологиялык казуу иштерин жүргүзүүдө.
Район акими У. Жоробаев жеринде барып көргөн учурда, ал жерде жыйырмадан ашуун жаран өз жумуштарын аткарып, казуу иштерин жүргүзүп жатышкан.
Археолог, тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева район акими У. Жоробаевге табылган сөөктөр жана буюмдар туурасында түшүндүрмө берип өттү.
Бүгүнкү күндө 2023-жылы башталган казуу иштеринин уландысы жүрүп жатат.
Бул жер “Кара-Булак аймагындагы тарыхый маданий эстеликтер менен доорлош”, деп айтат адистер.
Жеринде археологдордон кабар алган жетекчилерге Баткен районунун тургуну, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдинаби Кадыров терең ыраазычылыгын билдирип, жетекчиликтин иштерине ийгиликтерди каалап, ак батасын берди.
Белгилей кетсек, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан илимий- казуу иштерин жүргүзүп жаткан археологдордун жашоосу үчүн атайын шарттар түзүп беришкен жана уюштуруу иштерин өз убагында жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн.