Ош облусунун Ноокат районунун Абшыр-Ата айылындагы болгон селде каза болгон үй-бүлөгө Ак-Сай элинин атынан акчалай жардам көрсөтүлдү.
Колдоо иретинде жыйналган акча каражатын Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабиров жана аталган айылдын аксакалдары алып барышты.
Жеринде А. Сабиров жана аксакалдар каза болгон үй-бүлөнүн жакындарына сабыр тилеп, Баткен районунун эли жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясы ар дайым, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгилеп өтүштү.
Жеринде Ноокат районунун акими жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ак-Сай айылынын элине жана Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевге терең ыраазычылык билдиришти.