Жогорку Кеңештин депутаттары Бактияр Калпаев жана Ырысбек Атажановдор Баткен районунун аймагында жумушчу сапар менен болушту.
Депутаттарды Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев тосуп алып, алгач Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы авариялык абалдагы мектептер менен тааныштырды.
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылындагы Ш. Токсонов атындагы жана Кара-Булак айылындагы З. Абдумомунов атындагы орто мектептердин абалын жеринде барып көрүштү. Аталган мектептер бүгүнкү күндө авариялык абалда. Жогорку кеңештин депутаттары жаңы мектеп куруу үчүн тийиштүү министрликтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тийиштүү аракеттер көрүлөөрүн белгилеп өтүштү.
Андан сырткары район акими жана Жогорку кеңештин депутаттары Боз-Адыр-Баткен автожолунун курулушун Айгүл-Таш-Согмент-Кыштут автожолдорунун учурдагы абалын көрүп чыгышты.
Бүгүнкү күндө Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен-Боз-Адыр унаа жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек оңдоо иштери 2023-жылы башталып, 2023-жыл ичинде 5 чакырым асфальт төшөлгөн.
Жалпы 12 чакырым асфальттоо каралган. Айта кетсек быйыл аталган жолдун 7 чакырымын оңдоо каралган, учурда 3,5 чакырым аралыкка асфальт төшөлгөн. Аталган жолдо N2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана техникалары, мерчемдин негизинде иш алып барышууда.
Ошондой эле депутаттар Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы 1988-жылы башталып, курулушу аягына чыкпай калган спорт залдын абалын жеринде барып көрүштү. Аталган спорт зал мындан 36 жыл мурда курулушу башталып, белгисиз себептер менен курулуш иштери токтоп турат. Аталган айыл өкмөтүнүн тургундары буга чейин Жогорку кеңештин депутаты Б. Калпаевдин шайлоочулары аталган спорт залды аягына чыгарып, бүткөрүп берүүнү суранышкан болчу.
Депутат спорт залды жеринде көрүп, чындыгында айыл жаштары спорт залга муктаж экенин белгилеп, оңдоп-түзөө менен курулуш иштерин аягына чыгарууну убадалады.
Белгилей кетсек Жогорку кеңештин депутаты Б. Калпаев 2024-жылдын 28-апрелинде №2-Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.