Урматтуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери, ардактуу ардагерлер!
Сиздерди бүгүнкү 3-июль кесиптик майрамыңыздар менен Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Сиздердин талыкпаган ак кызматыңыздар менен өлкөбүздө тартип сакталып, жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалып келет.
Бүгүнкү күндө, ИИМдин түзүмүн реформалоонун алкагында, кызматтык милдеттериңиздерге жана укуктук ченемдик актыларыңыздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен техникалык базаңыздар мамлекет тарабынан жаңыланып келүүдө.
Урматтуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жана ардагерлер сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктап, баарыңыздарга бекем ден соолук үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Өлкөбүздө туруктуулук жана өнүгүп өсүү орун алсын.