23-24-июнь күндөрү жааган катуу жамгырдан кийин Баткен районунун Самаркандек, Суу-Башы, Ак-Татыр айыл аймактарында сел жүргөн.
Сел суулары сай аркылуу өтүүчү ички чарбалык унаа жолдорго жана Ош- Баткен-Разаков автожолунун 278 чакырымына зыян келтирип, өтүүгө кыйынчылык жаралган болчу.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасынын негизинде ошол күндөн тартып калыбына келтирүү жумуштары аткарыла баштаган.
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында сел катуу жүргөндүктөн өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.
Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-июлундагы №90 буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал абалы алынып салынды.
Жолдор сел калдыктарынан тазаланып, унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор толугу менен тазаланып калыбына келтирилди.
Ошондой эле катуу жаап өткөн нөшөрлүү жамгырдан соң Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылына да аз көлөмдүү сел келип, ички арыктарды бузуп кеткен. Натыйжада айыл элине келүүчү ичүүчү суу жана сугат суу үзгүлтүккө учураган болчу.
Аталган айылдын тургундары ашар жолу аркылуу жана атайын техниканын жардамы менен арыктарды калыбына келтиришти.
Учурда Апкан айылында ичүүчү таза суу жана сугат суу толугу менен айыл элине берилди. Таза сууга жана сугат сууга болгон тартыштык жок.
Белгилей кетсек райондун аймагындагы сел кеткен аймактарда жарандык коргонуу кызматтары ошол күнү ыкчам селден тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.