Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын тургундары менен жолугушту.
Жыйынга тийиштүү жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө район жетекчилерине эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, район акими У. Жоробаев тийешелүү жетекчилерге маселелерди убагында чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал эми кээ бир маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Ошондой эле жыйында элдер тарабынан турак жай, сел өтүүчү тосмолор, чек ара, жол, жайыт, таза суу, сугат суу жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлүп, тийиштүү жетекчилер жооп беришти.
Буга чейин электр энергиясынын аздыгынан Ак-Көл насостук бекетинин агрегаттарына электр энергиясы толук кандуу жетпей, сугат суу маселеси жаралган.
Бүгүн район акими Учкунбек Жоробаев эл менен болгон жолугушууда маселени ордунда чечип, Баткен райондук электр тармактар ишканасынын жетекчилигине тез күндүн ичинде ордуна келтирүү менен трансформатор орнотуу тапшырмасын берди.
Жыйындын жүрүшүндө район акими Учкунбек Жоробаев райондун аймагында жүрүп жаткан иштер туурасында айтып, өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында кенен маалымат берип өттү. Жыйындын соңунда айыл аксакалдары тарабынан район акимине ыраазычылыктар айтылып, мындан ары иштерине ийгиликтерди каалашты.
Белгилей кетсек райондун аймагындагы бардык насостук бекеттер үзгүлтүксүз сугат суу берүүгө даяр.
Аталган айыл өкмөтүндө жайгашкан Ак-Көл насостук бекети 1963-жылы пайдаланууга берилип, жалпы 4 даана насостук агрегаты бар. l агрегат 300литр секундасына сугат суу берсе, сугаруу аянты 308га. 2 даана насостук агрегаты дайыма сугат суу берип турат. l агрегат кезекте (запаста) турат. Үзгүлтүксүз сугат сууну берүүгө бүгүнкү күндө толугу менен даяр.
Буюрса сугат сууга болгон тартыштыктар жаралбайт.