Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” №385 токтому иштелип чыгып, анын алкагында
Баткен районунун аймагындагы 25 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам берүү максатында, кайтарымсыз 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Тапшыруу аземине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурланбек Айиповдор жана айыл өкмөт башчылары катышты.
16 жашка чейинки жашы жете элек балдары үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 25 аялуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке ишкердигин ачуу үчүн атайын 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Мында, аялдар өздөрүнүн атайын ишкердигин өркүндөтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Бул долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке ишкердигин ачып, жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөр категориясынан чыгышат.
Буга чейин, жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматтар кеңири берилген жана атайын ишкердик мерчемдери даярдалган.