“Урматтуу юристтер,
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын юристинин күнү менен куттуктайм.
Сиздерге мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн бийик идеалдарын жактоо, Кыргызстандын укуктук мамлекет катары өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу, ар дайым акыйкаттык жолунда, мыйзам тарабында туруу боюнча улуу милдеттер жүктөлгөн. Көп кырдуу ишмердигиңиздер мамлекеттик органдардын ишинде укуктук ченемдерди иштетүүнүн туруктуу механизмин түзүүгө жана камсыз кылууга багытталган.
Жарандардын укуктарын коргоонун кепилдиктерин күчөтүүгө, калктын укуктук аң-сезимин жогорулатууга кошкон салымыңыздар баа жеткис. Ак ниет эмгегиңиздер, топтогон тажрыйбаңыздар, максатка умтулгандыгыңыздар жана күч-кубатыңыздар — укук үстөмдүгүн камсыз кылуунун ишенимдүү булагы.
Юрист кесиби коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөсүнө тиешеси бар болгондуктан, ар дайым эң ардактуу, маанилүү жана жооптуу кесип катары эсептелип келет.
Бүгүн да сиздер өлкөбүздө мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө жана укуктук системанын бекемдөөгө салым кошууну улантып, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоп, калктын укуктук сабатын жана укуктук маданиятын жогорулатууга көмөктөшүп жатасыздар.
Мен сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшаган ар күнкү талыкпаган эмгегиңиздер биздин мамлекеттин жана коомдун туруктуу гүлдөп-өсүүсүн жана укуктун үстөмдүгүн камсыздоонун өбөлгөсү болоруна ишенем.
Бул майрам күнү Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңыздарга чын ден соолук, тынчтык, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана кесиптик ийгиликтерди каалайм.