Баткендин бренди болгон өрүктүн “Ак өрүк” сорту бышып, сатылып жаткан учуру.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылындагы эрте бышкан ак өрүк бактарын көрүп келди.
Буга чейин ак өрүк сортуна жараша 50 сомдон 70 сомго чейин сатылууда. Бул баа өткөн жылга салыштырмалуу 50-60 сомго арзан. Былтыр ак өрүк 100-120 сомго чейин бааланган. Жергиликтүү ишкерлер өрүктү чет өлкөгө да экспорттоп баштады.
Баткен районунун аймагында 6 миң гектардай өрүк аянты бар. Жалпы өрүктүн 20дай сорту отургузулган.
Бүгүнкү күндө 2056 тонна ак өрүк сортундагы өрүк чийки түрдө Россия Федерациясына жана Казахстан Республикасына экспорттолду. Жалпысынан алганда ушул жылы 2700 тоннага чейин ак өрүк экспортко чыгуусу күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө ак өрүк бышып, алды сатылып бүтүп калды.