Баткен районунун аймагында 2024-жылдын түшүмү үчүн эгилген кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйноо иштерин уюшкандыкта жүргүзүү боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин атайын буйругу чыгарылган.
2024-жылга бекитилген мерчемге ылайык, Баткен району боюнча 3134 га аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилген. Анын ичинен буудай 1829га, арпа 1305 га аянтты түзөт.
Райондун аймагында 2024-жылдын түшүмү үчүн эгилген кылкандуу дан эгиндерин коромжуга учуратпай жыйнап алуу боюнча тийиштүү уюштуруучулук иштери жүргүзүлүп келүүдө.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы оруп-жыйноо иштерин жеринде көрүп келди. Бүгүнкү күнгө карата район боюнча дан жыйноочу 7 комбайн бар. Андан сырткары, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын жеке ишкери Сейдахмат Назиров 1 даана комбайнды сатып алып, оруп жыйноо иштерин жүргүзүп жатат.
Ошондой эле керек болгон учурда Кадамжай районунан 2 даана комбайн, Лейлек районунан 6 даана комбайн келишимдин негизинде алынып келиниши күтүлүүдө. Жалпы жонунан алганда, быйылкы жылдагы оруп жыйноо иштерине район боюнча 16 даана комбайн иш жүргүзүүсү мерчемделген.
Баткен району боюнча оруп жыйноо иштерине 153 тонна дизелдик отун, 51,5 тонна күйүүчү жана майлоочу майлар керектелет. Бүгүнкү күндө карата дизелдик отундун орточо баасы 74,9 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 2-3 сомго кымбат болууда. 2024-жылдын түшүмү үчүн эгилген кылкандуу дан эгиндеринин ичинен 154 га аянтында оруп жыйноо иштери жүргүзүлгөн. Райондун аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери 2024-жылдын 19-июнунан 15 -сентябрына чейин жүргүзүлөт.
Андан сырткаркы бүгүнкү күндө 1380 гектар аянттан көп жылдык тоют (беде, эспарцет) өсүмдүктөрүнүн алгачкы түшүмү орулуп, жалпы 2428,2 тонна тоют жыйналды.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой быйылкы жыл жаанчыл болгондугуна байланыштуу тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмү жогору болууда.