Бүгүн эрте менен Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылына барды.
24-июнь күнү жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Достук айылында 1 трансформатор кулап, электр жарыгы өчүрүлгөн.
Район акими жеринде барып көрүп, айыл өкмөтүнүн башчысына жана райондук электр тамактар ишканасына электр энергиясын ыкчам калыбына келтирүү тапшырмасын берди.
Достук айылында сел жүргөн эмес, жабыркагандар жок.
Райондук электр тамактар ишканасынын кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Айыл тургундарына электр жарыгы берилет.
Белгилей кетсек райондун аймагындагы сел кеткен аймактарда жарандык коргонуу кызматтары селден тазалоо иш-чараларын жүргүзүшүүдө.