Бүгүн тагыраагы 25-июнь күнү эрте менен саат 7:45те, райондун аймагындагы сел кесепеттерин жоюу жана ыкчам иш алып баруу боюнча район акими Учкунбек Жоробаев Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү.
Штабда район акими тарабынан сел кесепеттерин жоюу, ыкчам тартипте калыбына келтирүү, тазалоо, электр энергиясын калыбына келтирүү, керектүү болгон бардык техникаларды тартуу, келтирилген зыянды аныктоо жумуштарын ыкчам улантуу тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек 2024-жылдын 23-24-июнь күндөрү катуу жааган жаандан улам Баткен районунун Самаркандек, Суу-Башы, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн аймагында сел суулары жүрүп, Ош- Баткен-Разаков автожолунун 278 чакырымы убактылуу жабылган ошондой эле Сары-Жаз жайлоосунда 24-июнь күнү саат 14:00-15:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагына сел келип, сел сай аркылуу өтүүчү ички чарбалык унаа жолдорго зыян келтирип, өтүүгө кыйынчылык жаралган. Район акими ошол күнү Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн административдик имаратында ыкчам штаб өткөрүп, штабдын жыйынтыгында Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Түнү менен аталган аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү.
Баткен районунун аймагында жол каттамдары ачык.
Сел келген аймактардагы кырдаал Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин көзөмөлүндө.