23-24-июнь күндөрү жааган катуу жамгырдан кийин Баткен районунун Самаркандек, Суу-Башы, Ак-Татыр айыл аймактарында сел жүргөн.
Сел суулары сай аркылуу өтүүчү ички чарбалык унаа жолдорго жана Ош- Баткен-Разаков автожолунун 278 чакырымына зыян келтирип, өтүүгө кыйынчылык жаралган.
Учурда Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.
Жолдор сел калдыктарынан тазаланып, унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор ачылган.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасынын негизинде сел келген аймактарда ыкчам иш аракеттер жана тазалоо, жолдорду ачуу жумуштары жүрүүдө.
Жарандык коргонуу кызматтары жеринде иш алып барууда.