23-24-июнь күндөрү Баткен районунун аймагында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы айыл аймактарында жана Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылында сел суулары жүргөн.
Тез аранын ичинде сел кесепеттерин жоюу, сел алган ички жолдорду калыбына келтирүү боюнча «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасынын N2 Жол-тейлөө ишканасы ыкчам иш аракеттерди көрүп, Сох-Кан-Зардалы жолун, Ош-Баткен-Раззаков автожолунун 278 чакырымын тазалап, автоунаалар үчүн жол каттамды жакшырткан. Ошондой эле Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылында 1,7 чакырым жолду сел жууп кетип, азыркы учурда 1 даана автожүктөгүч 1 даана автотрейлер тартылып, тазалоо, жол каттамын жакшыртуу иштери жүрүп жатат.
Автоунаалар жана жарандар үчүн жол каттамдары толугу менен ачык. Жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.