Бүгүн, 24-июнда алдын ала маалымат боюнча, саат 15:00 чамасында Сары-Жаз жайлоосунда жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары ашып, сел жүргөн.
Жерине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, ӨКМдин Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана райондук жарандык кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте жерине барып кабар алып, келип чыккан кээ бир маселелерди ордунда чечүүдө.
Район акими Учкунбек Жоробаев Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн административдик имаратында ыкчам штаб өткөрдү.
Штабка бардык жарандык кызматтын жетекчилери, КР ӨКМ Баткен областтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Адылбек Айтбаев катышты.
Штабда район акими тарабынан сел кесепеттерин жоюу, ыкчам тартипте калыбына келтирүү, тазалоо, келтирилген зыянды аныктоо жумуштарын баштоо тапшырмасы коюлду.
Өткөрүлгөн штабдын жыйынтыгында Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Алдын ала маалымат боюнча Ош- Баткен-Разаков автожолунун 278 чакырымы убактылуу жабылган.
Тазалоо жумуштарына КРнын ӨКМ Баткен бөлүмүнүн, куткаруу отрядынын кызматкерлери тартылат.
Белгилей кетсек Сары-Жаз жайлоосунда саат 14:00-15:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагына сел келип, сел сай аркылуу өтүүчү ички чарбалык унаа жолдорго жана Ош- Баткен-Разаков автожолунун 278 чакырымына зыян келтирип, өтүүгө кыйынчылык жаралган.
Андан сырткаркы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Көк-Терек жерлигиндеги каналдан жөө өтүүчү көпүрөнүн асты жагына сел келип, зыян келтирилген. Район акими жеринде барып көрүп, райондук жол тейлөө кызматына тез аранын ичинде калыбына келтирүү жумуштарын тапшырды.
Учурда район акими сел кеткен аймакта жүрөт.
Кошумча маалымат берилет.