23-июнь күнү Баткен районунун аймагында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек, Суу-Башы айыл аймактарында сел суулары жүргөн.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган Баткен райондук ӨКМдин башчысы Туратбек Турдуев, жана райондук жарандык кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте сел жүргөн аймактан кабар алды.
Алгач район башчысы У.Жоробаев баштаган тиешелүү кызматтар 2024-жылдын 23-июнь күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылын жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы сел жүргөн аймактарды жеринен барып көрдү.
Район акими жарандык кызматтын жетекчилерине, райондук ӨКМдин жана айыл өкмөтүнүн башчыларына тез аранын ичинде сел кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүү, капыстан келчү селди алдын алып, анын нугун айылдан сырт коопсуз жайга буруу иштерин ыкчам жүргүзүүнү тапшырды.
Алдын ала маалымат боюнча, сел суулары бир канча турак үйлөрдүн короолоруна, бир үйдүн жер төлөөсүнө кирген. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылында 12 баш майда малды агызып кеткен. Жабыркаган жарандар жок.
Эске салсак 2024-жылдын 23-июнь күнү саат 14-15 чамаларында катуу жаан жаап, анын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек, Суу-Башы айыл өкмөттөрүнүн аймагында аз көлөмдүү сел жүргөн. Тургундардын эгин талааларына, жолдорго жана ички арыктарга бир аз зыян келтирилген.
Сел келген аймактардагы кырдаал Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин көзөмөлүндө. Жеринде жарандык коргонуу кызматтары иштеп жатат.
Автоунаалар жана жарандар үчүн жол каттамдары толугу менен ачык. Жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.