Баткен районунун аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана ата энесинен эрте ажыраган жалпы 20 бала акысыз Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоо борборуна жөнөп кетишти.
Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене тарбия, спорт, жаштар секторунун башчысы Асылкан Саттарова, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурланбек Айипов, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Уулкыз Омошевалар балдарды жайкы эс алуу лагерине узатып, балдарга ден соолук, мыкты эс алуу каалады. Балдарды атайын райондук МАИ кызматкерлери жана райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекторлору, Ош шаарына чейин коштоп кетишти.
Буга чейин Баткен районунун аймагындагы чек ара жаңжалында каза болгондордун, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата энесинен эрте ажыраган балдар дал ушул Ысык-Көл облусуна эс алуу үчүн жөнөтүлгөн.
Ысык-Көлдөгү “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоо борбору 10 күн сайын 800дөн ашык баланы кабыл алганга шарты бар. Өлкөнүн ар бир аймагынан, булуң бурчунан келип эс алышат.
Балдарга бактылуулук тартуулаган мамлекетибизге, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго рахмат!