Урматтуу район аймагындагы Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат—бул зор милдет, чоң жоопкерчилик, калкыбызга ак ниет кызмат кылуу, мекендештерибиздин жашоосун жакшыртуу, өлкө алдында турган жаңы максаттарга жетүү үчүн ар бир Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы жан-дили менен эмгектениши зарыл.
Бийликтин күчү – элдин ишениминде. Бул ишеним ар бирибиздин – ар бир мамлекеттик кызматкердин иш-аракетинен жаралат. Мамлекеттик кызмат жана анын жоопкерчилиги көп нерсеге милдеттендирет. Адамды өз абийиринин алдында, эл алдында таза болушун талап кылат. Андыктан, ар бир мамлекеттик кызматкер бардык дитин коюп, ниетин таза кармап, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымын кошчу мезгил келди. Ошондуктан биз, мамлекет мага эмне берет дебестен, мен мамлекетке эмне бере алам деп иштешибиз керек.
Региондордун жана бүт өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган улуттук долбоорлордун жана программалардын ишке ашырылышы жана адамдардын турмуш деңгээлинин жакшырышы Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын ишинин сапатына жараша болот. Өлкөнүн тагдыры үчүн Сиздерге артылган жоопкерчилик өтө зор. Элибиздин ишенимин актап, ага ак кызмат кылу-ар бириңиздердин өмүрүңүздөрдүн маңызы болушу керек!
Баардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп, өнүгө берсин.