Өлкө башчынын буйругу менен Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, анын алкагында Баткен районунун аймагында бир топ социалдык объектилер курулуп пайдаланууга берилип жатат.
Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында, Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы эскилиги жеткен билим уясынын ордуна жаңы мектептин курулушу башталып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон жетекчилер, курулушу жүрүп жаткан мектепти ордунда көрүп, кабар алып келишти.
Заманбап эки кабаттуу мектептин курулушунан кабар алган район акими өз сөзүндө,” буюрса эмки окуу жылында мектеп пайдаланууга берилет”,-деп баса белгилеп өттү.
Мектептин курулушунан кабар алган жетекчилерге айыл аксакалдары ыраазычылыктарын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалап, ак баталарын беришти.
Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, бардык шарттары менен бүткөрүлүп, 2024-2025-окуу жылына толук пайдаланууга берүү жагы мерчемделген.
Учурда, аталган мектеп авариялык абалга кептелген. Ошентсе да быйылкы окуу жылында белгиленген тартипте иштеп, окуучуларга өз убагында билим берип, ишмердүүлүктөрүн улантышты.
“Ж.Турусбеков” атындагы орто мектепте жалпы 195 окуучуга 20 мугалим билим тарбия берет. “Ж.Турусбеков” атындагы орто мектебинин №1 корпусу 1975-жылы, №2 корпусу 1986-жылы Дара айыл өкмөтүндө биринчилерден болуп элдик ашар жолу менен бүткөрүлгөн.
Учурдагы курулушу жүрүп жаткан мектеп 150 окуучуга ылайыкташтырылып курулууда.
Жалпы сметалык баасы 90 млн сомдон ашуун.
Учурдагы окуучунун саны 182.