“Жер мыйзамдарынын актуалдуу маселелери” туурасында атайын окуу болуп өттү.
Ага, КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун жер маселелери боюнча эксперттери Айнура Кенжебаева, Айнура Бурканова, Эльмира Байгатаевалар жана Баткен районунун аймагындагы жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобонун алкагында түзүлгөн комиссия мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн жер адистеринин кызматкерлери, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу сектор маселелер бөлүмүнүн адистери, тийиштүү кызматкерлер катышты.
Окууда КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун жер маселелери боюнча эксперттери комиссия мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери жана КРнын мыйзамдары боюнча жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу, КРнын жер кодекси жана бардык жер мыйзамдарына тиешелүү укуктук ченемдик актылары туурасында кеңири түшүндүрмө беришти.
Окуу суроо-жооптор менен коштолуп, талкуу кызуу улантылды.
Жыйынтыгында, адистер тарабынан жер мыйзамдарына тиешелүү болгон жер кодекстери, укуктук ченемдик актылары түшүндүрүлдү.