Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин буйругуна ылайык, 2024-жылдын түшүмү үчүн эгилген буудайдын орумун өз убагында уюштуруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, райондун азык-түлүк коопсуздугун мындан ары чыңдоо жана камсыздоо аракети көрүлүп, Баткен районунун бардык аймактарында кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери кызуу башталды.
Баткен районунун аймагында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча Баткен райондук агрардык бөлүмүнүн башчысы Ильяс Сайфидиновдун катышуусунда, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң Кара айылындагы күздүк буудайды оруп жыйноо жумушу айыл аксакалдарынын батасы менен оруп жыйноо жумушу башталды.
Баткен районунун аймагында жалпысынан 3413 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. 2023-жылга салыштырмалуу 347 гектарга көп.
Анын 563 гектары күздүк буудай, 1400 гектары жаздык буудай жана 1456 гектары жаздык арпа.
Түшүм 1 гектарынан 15-20 центнерге чейин түшүм алынуусу күтүлүүдө.
Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу максатында, 2023-жылдын декабрь айында Россия Федерациясынан келген жогорку сорттогу жаздык Буудай үрөндөрүнөн 30 тонна алынып келинип, дыйкандарга таркатылып берилген.
Учурда, 6 дан жыйноочу комбайн даяр сабында турат. Райондун аймагында оруп жыйноо иштери бүгүндөн баштап кызуу жүргүзүлөт.