Чек ара аймактарында туруктуулукту кармоо максатында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация
Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б. Баходурзода жетектеген делегация менен эки тараптуу жолугушуу болду.
Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тийешелүү жетекчилер катышты.
Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, суу, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.
Эки тараптуу жолугушуунун убактысы 1 саатка созулуп, бир топ маселелер жеринде талкууланды.
Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.