Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кезектеги кеңешме болуп өттү.
Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, жана кеңешменин мүчөлөрү катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө бир топ маселелер каралып, Баткен районунун аймагында коомдук саясий абал, чек ара коопсуздугу, аткезчиликке, коррупцияга каршы күрөшүү, райондун аймагында мал уурулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо маселелери каралды.
Отурумда келип чыккан кээ бир маселелер туурасында район акими тийешелүүлөргө тапшырмаларды берип, маселелерди чечүүнү тапшырды.
Кеңешменин жыйынтыгында сын сунуштар айтылып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
Бүгүнкү күндө райондун аймагында коомдук саясий абал тынч.