Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кытай компаниясынын өкүлү Ли жана Гау Мырзаларды кабыл алды.
Анда Баткен районунун келечектеги өнүгүү мерчемдери туурасында кеп козголуп, Кытай компаниясынын өкүлдөрү тарабынан бир топ сунуштар айтылды.
Район акимине Кытай өлкөсүнүн “Кайди” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү боюнча кенен маалыматтар берилди.
Аталган жоопкерчилиги чектелген коому Кыштут жана Дара айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жалпы аянты 4500 гектарды түзгөн аянтта кен байлыктарды изилдөө, чалгындоо жумуштарын аткарат.
“Кайди” жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын тийиштүү укуктук ченемдик актыларынын жана Кыргыз Республикасынын ратификацияланган Эл аралык укуктук ченемдик актыларынын негизинде өзүнүн ишмердүүлүгүн алып барат.
Жоопкерчилиги чектелген кому, негизинен бул аймактарда баалуу металл кендерин изилдөө жумуштарын жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында, жер казынасын пайдалануу укугуна (Лицензия) ээ болгон.
Учурда, изилдөөгө чейинки жумуштар жүрүп жатат.
Бөлүнгөн жер тилкеси айыл аймактын теңдеминде турат. Аны ички жана тышкы инвесторлор пайдаланышат.
Изилдөө жумуштары башталып, кен казуу жумуштары ишке киргизилсе, жергиликтүү жарандар жумуш менен камсыз болуп, ошол эле учурда айылдын инфраструктурасы жогорулайт. Ошол эле учурда Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылына алтынды иштетүүчү жана өндүрүүчү фабрика куруу жагы да мерчемделген.
Белгилей кетсек, районубуздун аймагында ички жана тышкы инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, ири долбоорлор ишке ашууда.