Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасынын негизинде Дара айыл өкмөтү жайкы лагерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана ата энесинен эрте ажыраган жана мыкты окуган жалпы 80 баланы каржылап, акысыз Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы “Дары Булак” балдардын эс алуучу борборуна жөнөттү.
Район акими У. Жоробаев балдарды жайкы эс алуу лагерине узатып, балдарга ден соолук, мыкты эс алуу каалады. Балдарды атайын райондук МАИ кызматкерлери жана райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекторлору, медицина кызматкерлери коштоп кетишти.
Буга чейин Баткен районунун аймагындагы чек ара жаңжалында каза болгондордун, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата энесинен эрте ажыраган балдар Ысык-Көл облусуна эс алуу үчүн жөнөтүлгөн.
Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы “Дары Булак” балдардын ден соолугун чыңдоочу борбор бардык шарттары менен, 80 орунга ылайыкташтырылган. Балдар үчүн ойноочу спорттук аянтча, уктоочу бөлмөсү, 3 маал ысык тамагы менен камсыз болгон.