Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин багбанчылыкты жана карапа кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча тапшырмасынын негизинде, Баткен райондук агрардык бөлүмүнүн башчысы Ильяс Сайфидиновдун жетекчилиги астында Баткен районунун аймагындагы жеке ишкерлер Өзбек Республикасынын Риштон районуна иш сапары менен барышты.
Анда, дыйкандар жана ишкерлер Өзбекстандын Риштан районундагы мисте, өрүк, шабдаалы жана гилас бак өстүрүлгөн жер аянтка жана карапа кол өнөрчүлүгү ишканасына барып тажрыйба алмашуу жана бак өстүрүүнүн ыкмалары менен жеринде таанышып келишти.
Мындан ары, Баткен районунун ишкерлери Өзбекстандын Риштон районундагы ишкерлери менен кызматташат.
Мындай чечимге эки өлкөнүн жеке ишкерлери жана дыйкандары Риштон районунда болгон тажрыйба алмашуу максатындагы жолугушууда келишти. Анда, ишкерлер мисте, өрүк, шабдаалы жана гилас бак өстүрүлгөн жер аянтка барып, дыйкандардын ишмердүүлүгүн жеринде көрүп келишти.
Баткен районунан барган ишкерлер менен жолуккан Өзбекстандык ишкерлер кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, эки өлкөнүн ишкерлери жана дыйкандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өндүрүш ишканаларына баруу жана өндүрүш менен таанышуу, биргелешкен көргөзмөлөрдү, жарманкелерди жана бизнес-турларды өткөрүүнү макулдашышты.
Буюрса, Баткен районун аймагында күз мезгилинде 50 гектар мамлекеттик фондунун жер аянтына бадам, өрүк, гилас эгүү жагы жана биргеликтеги карапа кол өнөрчүлүк өнөрканасын ачуу мерчемделүүдө.
Өзбекстандын Риштон району Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай району менен чектешип турат. Көптөгөн жылдар бою жабык турган чек ара бекеттер ачылып, эки элдин соода-сатык мамилеси жакшырды. Эми ишкерлердин кызматташуусу чектеш аймактардын экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө жакшы натыйжа болот.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун эки район бир шаары Өзбекстандын 5 миллион калкы бар Фергана облусу менен чектешип турат. Аймакта, эки өлкөнү байланыштырган 4 чек ара өткөрүү бекеттери иштейт. Акыркы кезде Фергана менен Баткендин соода экономикалык, маданий кызматташуусу ар тараптуу өнүгүүдө.
Кызматташуулар Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров менен Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдердин буга чейинки болгон жолугушууларда макулдашылган эки тараптуу кызматташуу мерчемдеринин негизинде ишке ашырылып жатат.